Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Түркенакун Бейшенбаев 100 жашында дүйнөдөн кайтты

Коом
Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Түркенакун Бейшенбаев  100 жашында дүйнөдөн кайтты
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. 29-январда Бишкекте 100 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры, персоналдык пенсионер Түркенакун Бейшенбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бейшенбаев Түркенакун 1925-жылы 1-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Көл айылында туулган. 1942-жылдын аягында Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина, Беларус, Венгрия, Молдавия, Румыния, Чехословакиядагы салгылашууларга катышкан. Украинадагы Чабастын жанындагы салгылашта катуу жарадар болуп, бирок дарылангандан кийин кызматына кайтып келип, уланткан. 1946-жылдын июнь айында Советтик Армиядан демобилизацияланган.

Эрдиги жана берилгендиги үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган, анын ичинде:

- СССРдин Финансы министрлигинин Ардак грамотасы;

- 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени;

- Жуков атындагы жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.

"Кабар" маалымат агенттигинин жамааты Түркенакун Бейшенбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.