Улуттук кийимдер заманбап стилде. Бишкекте экслюзивдик көргөзмө өттү - сүрөт баян

Маданият Загрузка... 23 Февраль 2025 15:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.02.25. /Кабар/. Жаз алды менен «Кеште» мода үйү улуттук кийимибизди даңазалап, күнүмдүк жашоого ылайыкташтырылып, стилдештирилип сапаттуу тигилген кийимдердин коллекциясын сунуштайт.

Күн мурун Бишкекте «Мезгилсиз шедеврлер» аталышындагы экслюзивдик көргөзмө уюштурулду.

Анда төмөнкү багыттагы кийимдер топтому көрсөтүлдү:

- Жаштарга багытталган – «Деним» топтому;

- Кеңсеге кийүүгө ылайыкташкан – «Классика» топтому;

- Саякаттоого, эс алууга ылайыкташкан улуттук – «Кэжуал»;

- Стилдештирилген улуттук салтуу – «Этно» топтомдору.

«Кеште» мода үйү кыргыз элинин улуттук кийимин эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүп,чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдө бир топ жылдардан бери катышып келе жатат.

Бренддин негиздөөчүсү дизайнер Назгүл Каарова эл аралык көргөзмөлөрдө топтогон бай тажрыйбасына таянып, анын колунан жаралган кыргыз элинин улуттук кийими чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдө татыктуу ордун ээлеп келет. Ал ошондой эле улуттук кийимдерибиздин элементтерин модага айлантууга толук мүмкүн экенин айтат.

Дүйнөдө 4 миңден  ашуун улут болсо, аларды бири-биринен улуттук кийиминен айырмалайбыз. Азыркы ааламдашкан доордо ар бир улут башка улуттун арасына сиңип, жок болуп кетпеш үчүн өзүнүн иденттүүлүгүн, өзгөчөлүгүн сактап калуу аракетин кылып жатышат. Эне тилибиз, каада-салтыбыз улутубуздун иденттүүлүгүн сактап калууга кандай маанилүү болсо, алардын катарында улуттук кийим да бар.