Адамзатты каптаган белгисиз вирус: "2001" аттуу көркөм тасма жарыкка чыгат

Маданият

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстандык режиссёр Руслан Акун "2001" аттуу жаңы көркөм тасмасын тартты.

Тартуу тобунан билдиришкендей, фильмдин бет ачары 24-декабрда өлкөнүн бардык кинотеатрларында өтөт.

Egemen жана AZO Originals студиялары "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын колдоосу менен тарткан тасма белгисиз вирустун жайылышы тууралуу баяндайт.

Окуя 2001-жылдын 1-сентябрында Аманат шаарында болот. Эки күндүн ичинде шаарды адамдардын акыл-эсин жоготуп, адамдык келбетинен ажыраткан белгисиз инфекция каптайт. Армия шаарды толук курчоого алып, андан чыгуучу жолдорду жабат. Мектеп менен ооруканада калган аман калгандар ачкачылыкка жана суусуздукка карабай, жугуштуу аймактан чыгууга аракет кылышат.

Тасмада сүйүү, ата-энелик жоопкерчилик жана адамдын оор кырдаалдагы туруктуулугу чагылдырылат.

Тартуу иштери 2026-жылдын август-сентябрь айларында жүргөн. Айрым көрүнүштөрдү тартуу үчүн Кыргызстанга атайын техникалар алып келинип, чет өлкөлүк адистер тартылган.

Башкы ролдорду Эмил Эсеналиев, Айсанат Эдигеева, Өмүрбек Израилов, Нуркыз Токтогонова, Улан Өмүралиев жана башка актёрлор аткарышкан.

Кыргызстандагы прокаттан кийин тасманы Казакстан менен Өзбекстандын кинотеатрларында көрсөтүү пландалууда.