"Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” форумунун үчүнчү этабы өтөт

Коом 690 11 Март 2026 18:00
649093988_1225882883036799_2756287986454036639_n.jpg
649117439_1225882909703463_2480644608912202551_n.jpg
649174355_1225882746370146_573355665975907983_n.jpg
649190288_1225882859703468_1600880558283160767_n.jpg
649501793_1225882703036817_7623461048507616570_n.jpg
649825966_1225882809703473_8389294955840755235_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу чыгармачыл бирикмелер жана илимий интеллигенциянын республикалык форумунун үчүнчү этабын ишке ашырууга арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда форумдун негизги мааниси, демилгелери, максаттары жана милдеттери талкууланды.

Ошондой эле форумдун үчүнчү этабын өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери, иш-чаралардын мазмуну жана аларды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Катышуучулар иш-чара чыгармачыл коомчулук менен илимий интеллигенциянын өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө, улуттук маданий баалуулуктарды даңазалоо жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Жыйындын соңунда форумду өткөрүү боюнча мындан аркы иш-чараларды координациялоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.