Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Instagram социалдык тармагында видео кайрылуу жасаган жаран менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-июлда кыймылсыз мүлк агенттигинин риэлтору, Кыргызстандын жараны Рустам Нусупов Instagram`дагы өзүнүн rustam.nusupov.realestate баракчасына Кытай жарандарынын массалык түрдө Бишкек шаарынан кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуусу жана жакын арада "Чайна Таун" шаарчасынын пайда болуу коркунучу тууралуу видео кайрылуу жарыялаган. Бул кайрылуу кыргыз интернет айдыңына тарап, социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында нааразылыктарды жаратып, улуттар аралык мүнөздөгү өтө терс пикирлер менен коштолгон.
4-августта атайын кызмат Р.Нусупов менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учурда ал соцтармактарда тараган видео кайрылуусунда айткандары боюнча эч бир жүйөлүү жана кайсы бир документтерге негизделген маалыматтарды келтире алган жок. Ошондой эле мындай туура эмес маалыматтарды камтыган кайрылуулар көрүүчүлөрдү адаштырып, коомчулукта резонанс жаратаарын билбегендигин айтуу менен, видео кайрылуусунда өзү көтөргөн теманы өзүнүн гана каттоочулары арасында талкуулоону каалагандыгын билдирди.
Нусуповдун айтымында, бул видео кайрылуу "Асман Медиа" маалымат агенттиги (@news.asman) тарабынан анын макулдугусуз социалдык тармактарга тараган. Аталган маалымат агенттиктин бул аракеттеринен КР Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренесинде каралган кылмыштын белгилерин байкоого болот.
Жыйынтыгында Р.Нусупов кайрылуусунда келтирген жүйөлөрдүн бири-бирине дал келбестигин түшүнүп, мындан ары этият болууга, улуттар аралык мамиледе жагымсыз кесепеттерге алып келе турган такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарга жарыялабоого милдеттендирилди.