Улуттар аралык кастыкты козутуучу билдирүүлөрдү тараткан жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 20 Январь 2026 16:46
WhatsApp Image 2026-01-20 at 15.04.53.jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жарыялаган 1989-жылы туулган З.Д.А. аттуу жаран менен түшүндүрүү жана алдын алуу максатында сүйлөшүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Сүйлөшүү учурунда кармалган адам бул аракеттерди мас абалында жасаганын жана келечекте мындай жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү аракеттерди жасабай турганын билдирген.

Учурда атайын кызматтын тергөө органдары тарабынан З.Д.A.нын чыгарган публикацияларына карата тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы боюнча мыйзамдын алкагында кошумча чаралар көрүлөт.

УКМК улуттар аралык, аймактар аралык жана расалар аралык кастыкты козутуу, анын ичинде социалдык медиа аркылуу жасалган аракеттер да кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.