Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык ок атуучу курал-жарактардын катылган жери табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүк иштерде катталган маалыматтардын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта дарыясынын түштүк аймагында катылган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, анын ичинде 4 даана кыскартылган сайсыз жана 2 газ травматикалык тапанчалары табылган.
Такталгандай, табылган ок атуучу куралдар мурда «мыйзамдагы ууру» аталган К.Асанбек аттуу криминалдык авторитеттин жакын чөйрөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон.
Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.