Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Чет элдик радикалдуу үгүтчүнүн жаштарды өз катарына азгыруу аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Терроризмге каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында жакында эле Кыргызстанга келген радикалдуу диний идеологияны колдогон чет элдик жаран жергиликтүү жаштарды тартуу менен жашыруун топторду түзүүнү пландаган жарандын ишмердүүлүгү токтотулду. Ал Кыргызстандан чыгарылып, өлкөгө кирүүгө узак мөөнөткө тыюу салынды.
Атайын кызмат чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого чакырат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каттоодон өтпөстөн өлкө аймагында миссионердик ишмердүүлүк жүргүзбөөгө үндөйт.
УКМК диний чөйрөдөгү мыйзам талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчиликке алып келерин эскертет.