Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. УКМК жасалма паспорт менен жүргөн чет өлкөлүк жаранды колго түшүрдү.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Кыргызстандын жасалма паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана башка документтерин колдонуп жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү ("Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.
Тергөө тобу кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот тарабынан ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.