УКМК Өзгөндө үч милиция кызматкерин кармап, кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби 1464 09 Январь 2026 15:26
WhatsApp Image 2026-01-09 at 12.58.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-09 at 12.58.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-09 at 12.58.21.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-09 at 12.58.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-09 at 12.58.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-09 at 12.58.21.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.01.26. /Кабар/. Өзгөн райондук милициясынын үч кызматкери денеге оор залал келтирүү жана ыйгарым укуктарынан аша чабуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, 3-январда Өзгөн районунун милиция кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки адамды мыйзамсыз кармап, талап кылынган процессуалдык документтерди толтурбастан, Куршаб милиция бөлүмүнө алып кетишкени аныкталган.

Андан кийин кармалгандарга физикалык зомбулук көрсөтүлүп, натыйжада алардын биринин ден соолугуна өзгөчө оор зыян келтирилген.

Шектүүлөр кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш иши иликтенип, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды кайдыгер болбоого жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер тууралуу билдирүүгө чакырат.