Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Өзгөн райондук сотунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат жасалма сот чечимдери менен чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргызстандын жарандыгына мыйзамсыз кабыл алуу фактысын аныктады.
Өзгөн райондук сотунун кызматкери 1977-жылы туулган И.Ы.О., райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы 1981-жылы туулган С.Э.О. кылмыштуу макулдашууга кирип, акчалай сыйлык алуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өлкө аймагында жогоруда аталган адамдардын туулгандыгынын аныктыгы жөнүндө жасалма сот чечимдерин системалуу түрдө берип турушкан.
Кылмыштардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган материалдардын, тергөө аракеттеринин натыйжасында 16 чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамдарды аталган кылмыш схемасын колдонуу менен Кыргызстандын жарандыгына мыйзамсыз кабыл алуу фактылары аныкталган.
9-июлда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгы тарабынан И.Ы.О. жана С.Э.О.го карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мыйзамсыз паспорт берүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.