Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөлөрү менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерине каршы күрөшүү жана коомчулук арасында кылмыштуу идеялардын кайра жаралуусуна бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иштердин алкагында, мурда кылмыштуу топторго катыштыгы болгон жарандар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, 11-августта УКМКга мурда жоюлган Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу топторунун курамында болгон адамдар жеткирилген, алардын ичинен атай кетсек:
- М.М.Н., Бишкек, мурдараак кримавторитет Ч.Жумагулов (Дөө Чынгыз) менен мамиледе болгон;
- К.Я.Ш. криминалдык чөйрөдө түзөтүү абактарынын биринин «смотрящий» макамына ээ болгон;
- К.Э.Ж. 2018-жылга чейин К.Асанбектин жан сакчысы болуп иштеген;
- С.Б.А., мурдараак диспоралардын үстүнөн "смотрящий" болгон;
- Г.Н.У., М.А., М.Т.А., А.Т.А., К.Э.Ж, А.Э.М., Д.А.А., Б.К.С. жана башкалар.
Жеткирилгендер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга кылмыштуулук идеологиясын жок кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана уюшкан кылмыштуу топтордун идеяларынын кайра жаралуусуна жол берилбестиги тууралуу маалымат берилди. Алар жүргүзүлүп жатка иш-чараларга түшүнүү менен мамиле жасап, мамлекеттик органдардын ишин колдой тургандыктарын билдиришип, кылмыш дүйнөсүнөн баш тартышканын ырасташты.
Эске сала кетсек, УКМК тарабынан кылмыштуу топторду жана жамааттарды жок кылууга, ошондой эле кылмыштуу идеологияны жайылтууга бөгөт коюуга багытталган бир катар иш-чаралар тынымсыз уланууда.