Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. УКМК Бишкектеги бейтаптарга карата кыйноо ыкмалары колдонулган "Путь в жизнь" реабилитациялык борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгүн ачыктады.
Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган реабилитациялык борбор ар кандай көз карандылык менен жабыркаган бейтаптарды реабилитациялоого расмий түрдө адистешкен жеке медициналык жана психиатриялык мекеме катары иштеп жүргөн. Бирок, мекеме өз ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарын бузуу менен жүргүзгөн.
Медициналык билими жок кызматкерлер бейтаптарга жасалма психиатриялык процедураларды жасап, аларды тынчтандыруу үчүн электрошокер, дубинка жана байлап коюучу каражаттарды колдонушкан.
Тартипти бузгандарга кошумча жаза катары: аларды 7-8 суткага изоляторго камап, памперс кийгизип, даараткана жана гигиена каражаттарын колдонуудан ажыратышкан.
Борбордун ээлери ар бир бейтаптан айына 80 миң сомдон киреше табышкан. Ал эми реабилитация үчүн акча төлөгөн жакындары борбордогу чыныгы кыйноолордон кабары болгон эмес. Анда санитардык эрежелер сакталбай, дени сак бейтаптар ВИЧ, кургак учук жана гепатит сыяктуу жугуштуу оорусу барлар менен бирге кармалып келген.
Ошондой эле медициналык кызматкерлердин материалдык пайданы мыйзамсыз алуу схемасына катышкандыгын көрсөткөн материалдык далилдер да алынган.
Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгында И.Р.К., М.Дж.Н., Е.А.В., М.И.М., М.В.А., Т.Ч.А., К.К.И. жана Х.С.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.
УКМК жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды УКМКнын Чүй облусу боюнча нөөмөт кызматына: 0312530301 телефону аркылуу кайрылууну суранат.