Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 2026-жылдын 6-апрелинде жалпыга маалымдоо каражаттарында А.О. аттуу жаран үй-бүлөсүнө басым жасаган УКМКнын кызматкери Б.Р.ге карата чара көрүүнү өтүнүп, мамлекет башчысына кайрылганы тууралуу маалымат жарыяланды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, бул кайрылууга байланыштуу УКМК ыкчам тартипте көрсөтүлгөн кызматкердин айтылган фактыларга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.
"УКМКнын жетекчилиги тарабынан бардык жагдайлар толук аныкталып, Аскер прокуратурасы тарабынан укуктук баа берилгенге чейин тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан мезгилде Б.Р.ди ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү чечими кабыл алынды",-деп белгиленет маалыматта.