УКМК мурда жоюлган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Укук тартиби Загрузка... 29 Июль 2025 18:20
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Көлбаев) жоюлган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү "Турик" каймана аттуу Б.А.Т.ны кармады.

Ал буга чейин Каракол шаарындагы №23 мекеменин "смотрящийи" болгон (2016-2018-жылдары) жана өзүнүн криминалдык абалынан пайдалануу аркылуу коркутуп, 2024-жылдын августунан ушул күнгө чейин Ж.А.О. аттуу жарандан 200 миң сомдон ашык акча талап кылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Б.А.Т. пара менен кармалбоо үчүн опузалап алынган каражаттарды мобилдик банктык тиркемеге ("О! Банк") которууну талап кылгандыгы аныкталды.

2025-жылдын 25-июлунда опузалап алынган 26 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алгандан кийин Б.А.Т. кармалды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде кармалган жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК белгилейт, эгерде жогоруда аталган жарандын жана башка кылмыштуу топтордун аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, анда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына же 03922 5-11-80 ишеним телефонуна кайрылууну сунуштайбыз, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.