УКМК кызматкерине пара катары алтын куймаларын берген жаран кармалды

Укук тартиби 26 февраль 2026 09:17
WhatsApp Image 2026-02-26 at 08.13.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-26 at 08.13.53 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-26 at 08.13.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-26 at 08.13.53 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-февралда УКМК тарабынан иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн атайын кызматтын кызматкерине пара катары алтын куймаларын берүү фактысы аныкталган.

"Жалпы салмагы 200 граммды түзгөн 2 даана алтын куймасын берип жаткан учурда 1978-жылы туулган Д.Р.Е. аттуу жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.