УКМК кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектүүнү кармады

Укук тартиби 26 август 2025 15:43
538526299_1617008945924774_8940017709610009449_n.jpg
538611920_1617009062591429_217695239265011612_n.jpg
539093495_1617009005924768_1628891356484521751_n.jpg
539214481_1617009135924755_9137502730310334275_n.jpg
539458948_1617009115924757_3919779814935452048_n.jpg
539691842_1617008992591436_3971669404372024_n.jpg
539748085_1617009102591425_7639996896311805651_n.jpg
540015867_1617009089258093_5722682020102925054_n.jpg
540414421_1617008942591441_6077159180818600166_n.jpg
538346230_1617009052591430_8629781141474676197_n.jpg
Алдыга
Артка
538526299_1617008945924774_8940017709610009449_n.jpg
538611920_1617009062591429_217695239265011612_n.jpg
539093495_1617009005924768_1628891356484521751_n.jpg
539214481_1617009135924755_9137502730310334275_n.jpg
539458948_1617009115924757_3919779814935452048_n.jpg
539691842_1617008992591436_3971669404372024_n.jpg
539748085_1617009102591425_7639996896311805651_n.jpg
540015867_1617009089258093_5722682020102925054_n.jpg
540414421_1617008942591441_6077159180818600166_n.jpg
538346230_1617009052591430_8629781141474676197_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул туруалуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КРргызстандын жараны З.Т.И. тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, буга чейин З.Т.И. узак убакыт бою Кытайдан Кыргызстандын аймагына келген товарларды ташуу жана бажыдан өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келген. Бул иштерде анын негизги колдоочусу мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы башчысы М.М.Ж. болгон.

Анын жардамы менен ташылып келген жүктөрдү мыйзамсыз декларациялоонун ар кандай схемаларын колдонуу жолу менен эл керектөөчү товарлар өлкө аймагына импорттолгон. Мындай кылмыштуу аракеттер алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүнөн качуусуна өбөлгө түзгөн.

Мындан тышкары, З.Т.И. мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу менен алектенип, Бишкектеги "Паллада" казиносунун негиздөөчүсү болгон. Ошол эле учурда кумар оюндарын уюштуруудан түшкөн каражаттын эсебинен Р.Акматбаевдин жана "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу топторунун мүчөлөрүнө системалуу түрдө каржылык жардамдарды көрсөтүп, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө салтанаттуу иш-чараларда кымбат баалуу белектерди тапшырып турган.

Белгилей кетсек, "Паллада" казиносунун мүлк комплекси өз убагын уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери Р.Акматбаев менен К.Асанбекке тиешелүү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө З.Т.И.нин жашаган жеринен тиешелүү документтери жок "ПМ" жана "ПСМ" үлгүсүндөгү 2 даана номурлары өзгөртүлгөн күжүрмөн тапанчалары, "Сайга" жана "Тигр" маркасындагы ок атуучу куралдар, 1 даана Винчестер, 17 даана 9 мм, 22 даана 5,45х18мм, 501 даана 7х62мм, 300 даана 7,65х54 калибердүү октор, 5 даана магазин, 250 даана 7,62х39, 39 даана 12 калибердүү ок-дарылар табылып алынды. Ошондой эле, салмагы 20 грамм болгон «гашиш» баңги заты табылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 25-августунда З.Т.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.