УКМК Эсеп палатасынын башкы инспекторун кармады

Укук тартиби 16 июль 2025 13:30
518248644_1584172022541800_5811393365553952179_n.jpg
518484249_1584172015875134_1015769445694109250_n.jpg
518726860_1584171985875137_4839992474069795538_n.jpg
519004796_1584171989208470_5114892047452148249_n.jpg
519065632_1584172055875130_300960427380151049_n.jpg
519490411_1584172062541796_4079166799792081619_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. КР Эсеп палатасынын башкы инспекторун кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик финансылык көзөмөл чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР Эсептөө палатасынын инспектору тарабынан акча каражатын опузалап алуу боюнча маалымат алынган.

Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, КР Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.И.К. Кыргызстандын айрым чет өлкөлүк мекемелеринин ишине аудитордук текшерүү жүргүзүү боюнча кызматтык иш сапарында жүргөндө финансылык мыйзам бузуулар аныкталды деген шылтоо менен КР дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынан акча каражатын опузалап жаткандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу УКМКнын тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында опузалап талап кылуу фактысы тастыкталып, пара алуу процессуалдык түрдө бекитилген.

Ошентип, күн мурун Кыргызстанга келгенден кийин "Манас" эл аралык аэропортунун чек ара көзөмөл зонасында Эсептөө палатасынын инспектору А.И.К. кармалып, аны жеке тинтүү учурунда пара катары мурда алынган акчалар табылып, алынган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.