УКМК: Террордук уюмдардын идеологиясын жактагандар жашаган 3 үйдө тинтүү жүргүзүлдү

Укук тартиби 29 сентябрь 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.46.18.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.46.19.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.46.17.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.46.16.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.46.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.45.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.45.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.45.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.45.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.45.26.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. УКМК органдары Ош ОИИБ менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясынын жактоочулары жашаган 3 жер боюнча санкцияланган тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тинтүүлөрдүн натыйжасында тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү материалдар – 25 китеп, 6 дептер, 5 баракча, 1 уюлдук телефон табылып, далил буюм катары алынган.

Аталган материалдар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик мекемеге жөнөтүлүп, дин таануу экспертизасы дайындалды.

Экспертизанын жыйынтыгына жараша кылмыш ишинин фигуранттарына карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.