УКМК: Бишкектеги түнкү клубдар текшерилип, психотроптук дары-дармектер табылды

Укук тартиби Загрузка... 07 Июль 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Комбинат Плюр", "Катс" жана "НОКС" аттуу түнкү клубдарда текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Катс" жана "Комбинат Плюр" түнкү клубдарынын ишмердүүлүгү коомчулукка "ЛГБТ" деп аталган адамдарды тартуу жана баңгизаттарды колдонуу аркылуу жаштарды бузукулукка багыттагандыгы аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө психотроптук дары-дармектер табылды. Мындан улам аталган түнкү клубдар толугу менен жабылып, мөөр басылды.

"Нокс" түнкү клубундагы дааратканадан ак күкүмдөн (порошок) турган пакеттер табылып, клубдун ээсине жана администраторуна карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Табылган психотроптук каражаттар жана баңгизаттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша аталган түнкү клубдардын ээлерине жана администраторлоруна укуктук баа берилет.

УКМК белгилегендей, сойкулук үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде түнкү клубдарда салттуу эмес сойкулук кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келе турган “сойкуканаларды” уюштурууга барабар.