Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. УКМК алдамчылыкка шектелген адвокатты кармады.
Атайын кызматтан билдиришкендей, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М. аттуу жарандан анын камактагы атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, абактан бошотууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бул кызматы үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом алган.
Бирок жактоочу өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган эмес. Кийинчерээк ал алынган акчанын 5 000 долларын гана кайтарып берип, калган 10 000 доллар жана 200 000 сомду бербей койгон.
Аталган факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү, 1-пункту (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Күн мурун, 9-апрелде Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, шектүү А.М.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешелүү бардык жагдайларды тактоо максатында тергөө амалдары улантылууда.