Йовери Мусевени 7-ирет Уганданын президенти болуп шайланды

Дүйнө Загрузка... 19 Январь 2026 09:05
02b3e1ff-0177-4ef1-935e-69f79f17b8c0.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Уганданын учурдагы президенти, 81 жаштагы Йовери Мусевени президенттик шайлоодо жеңип чыгып, жетинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу ишемби күнү Associated Press агенттигине таянып, РБК кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мусевени шайлоочулардын 71,65 пайыз добушун алган. Ал бул кызматты 40 жылдан бери аркалап келет жана мурда кызматтан кетүү ниети жок экенин билдирген.

Анын негизги атаандашы, оппозициялык талапкер, Роберт Киагуланьи (Боби Вайн деген ат менен таанымал музыкант) 24 пайыз добуш топтогон. 43 жаштагы Киагуланьи 2021-жылы да президенттикке ат салышып, бирок анда жеңишке жетише алган эмес.

Белгилей кетсек, Мусевени 1986-жылы жарандык согуштан кийин бийликке келген. Анын алгачкы шайлоосу 1996-жылы өтүп, коопсуздукту жана экономиканы калыбына келтирүүгө убада берип, элдин 75,5% добуш алган.

2001-жылы ал мурдагы өнөктөшү Кизза Бесиджени жеңген. Бесидже андан кийин 2006 жана 2011-жылдары шайлоонун жыйынтыктарын сот аркылуу жокко чыгарууга эки жолу аракет кылган, бирок ийгиликке жеткен эмес.

2005-жылы парламент Конституциядагы президенттик мөөнөттөрдүн санына коюлган чектөөнү алып салган. Бул Мусевениге кайрадан бийликте калууга мүмкүнчүлүк берген.

2016-жылкы шайлоодо ал 60,62% добуш алса, 2021-жылы 58,64% добушка ээ болгон.