Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. “Учур” жаштар театры 26-чыгармачылык сезонун В.Гуркиндин “Сүйүү жана көгүчкөндөр” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Чиркин өмүр” комедиясы менен ачты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган спектаклде үй-бүлөлүк мамиле, сүйүү, ишеним жана адамдык баалуулуктар юмор аркылуу чагылдырылат.
Чыгарма режиссер Уланмырза Карыпбаев жетектеген чыгармачыл топ тарабынан даярдалган. Буга чейин спектакль бир катар театр фестивалдарына жана сынактарга катышып, сыйлыктарга ээ болгон.