Бишкек, 18.04.25 /Кабар/. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтө турган парадга даярдык иштери башталды.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, парад 8-майда Бишкек шаарында өтөт.
Белгиленгендей, парадга Кыргызстандын дээрлик бардык күч түзүмдөрүнүн аскердик техникалары, ошондой эле Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жана Россиянын (Кант) авиабазасынын авиациялык жана абадан коргонуу каражаттары тартылат.
Министрлик жарандардан көрсөтүлгөн мөөнөттө аскердик техниканын кыймылына жана учактардын учууларына түшүнүү менен мамиле кылуусун суранат.