Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парад өтүүдө

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 08 Май 2025 10:06
WhatsApp Image 2025-05-08 at 10.08.06.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар башталды.

Алгач президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Жеңиш аянтында митинг-реквиемге катышты. Анда мамлекет башчысы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкандарды бир мүнөт эскерди.

Ушул мүнөттөрдө мамлекет башчысы Ала-Тоо борбордук аянтындагы майрамдык иш-чарага катышууда.

Учурда Бишкек гарнизонунун аскердик парады өтүүдө.