Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Эл аралык TV BRICS медиа тармагы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин кесипкөй маалымдоо каражаттарын БРИКС өлкөлөрүнүн медиа уюмдары менен эл аралык диалог жүргүзүүгө чакырат. Бул тууралуу TV BRICS медиа тармагынын башкы директору Жанна Толстикова “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, TV BRICS эл аралык медиа тармагы ар кайсы өлкөлөрдүн медиа уюмдары менен кызматташтык жаатында иш алып барат.
“TV BRICS эл аралык медиа тармагы дал ушул ар кандай өлкөлөрдүн медиа уюмдары менен эл аралык кызматташтык багытында иштейт. Ошондуктан биз бул жерде ШКУга мүчө мамлекеттерди жана алардын кесипкөй ЖМКларын БРИКС өлкөлөрүнүн медиасы менен эл аралык диалогго чакырууга аракет кылуудабыз. Бул багытта бизде БРИКС жана Глобалдык Түштүк алкагында топтолгон тажрыйбабызга таяна алам. Жалпысынан алганда, кесипкөй медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы эл аралык диалог жана анын сапаты — аудиториянын жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон ишениминин негизги капиталы жана негизи болуп саналат. Журналисттик тил менен айтканда, өз ара аракеттенүү эң жөнөкөй нерседен — маалымат алмашуудан башталат”, — деп белгиледи Толстикова.
Ал кошумчалагандай, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн журналисттери менен ЖМК редакцияларынын ортосунда кесипкөй диалог түзүлгөндө, бул мамлекеттердин эли бири-бири тууралуу көбүрөөк маалымат ала баштайт. Ошондой эле уюм алкагында буга чейин калыптанган экономикалык кызматташтык тармактары тууралуу түшүнүгү кеңейип, акырындык менен гуманитардык байланыштар да өнүгөт. Анын пикиринде, гуманитардык байланыштарсыз эч кандай ишкердик кызматташтык же саясий диалог толук кандуу өнүкпөйт.
Толстикова мисал катары ШКУнун мурдагы башкы катчысы Рашид Алимовдун китебин да атады.
“Мен ШКУнун мурдагы башкы катчысы Рашид Алимовдун китебин мисал катары айткым келет. Бул китеп быйыл жарык көрүп, “Шанхай кызматташтык уюмуна 25 жыл: регионалдык механизмден глобалдык факторго чейин” деп аталат. Бул — ШКУ акыркы чейрек кылым ичинде басып өткөн жол. Уюмга кирген медиа өкүлдөрү бул процесстин негизги кыймылдаткыч күчүнө айланды. Чынында эле регионалдык механизмден глобалдык факторго өтүүдө алардын ролу чоң болду. Биз үчүн БРИКС+ мейкиндигинде иш алып барган эл аралык платформа жана медиа тармак катары ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аналитикалык борборлору жана ЖМКларынын саммити сыяктуу аянтчалар — БРИКСке кирбеген, бирок диалогго чакырылып жаткан өлкөлөрдүн кесипкөй медиасы менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат”, — деди ал.
Ал белгилегендей, БРИКС жана ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын ортосундагы практикалык кызматташтык канчалык активдүү болсо, бул эки бирикменин өз ара интеграциясына жана глобалдык эл аралык аренада позицияларын координациялоого ошончолук чоң салым кошот.