Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында дамба курулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 284 метрлик дамба Зындан тоо көлүнөн коргоо үчүн курулду.
Курулуш иштери Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун "GLOFCA — Борбордук Азия аймагындагы калктын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоору" каржылаган.