Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Нарын шаарында коктулардан келген сел сууларынын агымын азайтып, кум-шагылдарды тосуп калуу максатында габион торчолорунан дамбалар курулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сел коркунучун алдын алуу жана турак үйлөрдү, жолдорду жана башка инфраструктуралык объектилерди коргоо максатында аталган аймактагы Чоң-Чыргайлуу жана Суу сактагыч коктуларына эки катардан жалпы төрт дамба жана селкана курулду.
Анын ичинен Алма-Бак чөлкөмүндөгү Көтөрмө көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан Чоң-Чыргайлуу коктусуна курулган дамбалар Көтөрмө, Чоң-Чыргайлуу жана Ленин көчөлөрүндөгү 52 турак үйдү сел коркунучунан коргоого багытталган.
Ал эми Ак-Коргон чөлкөмүнүн түштүк тарабындагы Суу сактагыч коктусуна курулган дамбалар Рыскулов, Ботанический сад жана Опорный көчөлөрүндөгү 39 турак үйдүн коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт.
Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев сел тосмолорун куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, долбоор жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоодо жана алардын мүлкүн коргоодо маанилүү экенин белгиледи.
Долбоор Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасы тарабынан ишке ашырылууда.