Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучу жок – изилдөөнүн жыйынтыгы

Коом 14 Июль 2025 10:20
517410819_1139216954917696_3391140048795087715_n.jpg
517409260_1139217481584310_1061284967058537842_n.jpg
518114407_1139217308250994_4608495388472950188_n.jpg
518141479_1139217244917667_7295148100481598252_n.jpg
518390570_1139217334917658_4929554895177113097_n.jpg
514254043_1139217254917666_6705719482939450957_n.jpg
514258181_1139217214917670_7953907711958626591_n.jpg
515060308_1139217288250996_5440658508316800284_n.jpg
516944417_1139217131584345_1061261687215062941_n.jpg
517121267_1139217051584353_1939498423382315714_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Чүй облусунун Кегети жайлоосундагы Көл-Төр көлүнүн көлөмү, марена дамбасынын туруктуулугу изилденип, андан агып чыккан суунун ченемин тактоо иштери жүрүгүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, изилдөө иштери министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен жүргүзүлдү.

Ага Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин адистери, Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары тартылган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык болуп, жырылып кетүү коркунучу жок экени аныкталган.

Ага карабай тоо көлүнүн жырылып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында сифон ыкмасы менен көлдүн суусу азайтылды.

Адистер Көл-Төр көлүнүн жолунда жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жоктугун билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жүздөгөн тоо көлдөрү бар. Учурда алар климаттык өзгөрүүлөргө жараша мөңгүлөрдүн ээрүү, суу толуу процессинде.