COVID-19дан кийин жыт сезүүсү калыбына келбегендер көп – изилдөө

Ден соолук
COVID-19дан кийин жыт сезүүсү калыбына келбегендер көп – изилдөө
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. COVID-19 менен ооруп, жыт сезүү жөндөмүн жоготкон бейтаптардын 55 пайызга жакыны беш жыл өтсө да аны толук калыбына келтире алган эмес. Бул АКШдагы Вирджиния Шериктештигинин университетинин окумуштуулары жүргүзгөн беш жылдык изилдөөнүн жыйынтыгында аныкталган.

АЗЕРТАЖ агенттиги билдиргендей, окумуштуулар коронавирус жуктургандан кийин жыт сезүү жөндөмүн жоготкон 2 миңден ашуун адамдын улуттук бейтаптар базасына киргизилген маалыматтарын талдашкан.

Эки жылдык байкоонун жыйынтыгында катышуучулардын 38 пайызында жыт сезүү жөндөмү толук калыбына келгени, 54 пайызында жарым-жартылай жакшырганы аныкталган. Ал эми 7 пайызы жыт сезүү жөндөмү калыбына келбегенин же абалы начарлаганын билдирген.

Өткөн жылга карата жыт сезүү жөндөмү толук калыбына келгендердин үлүшү 44 пайызга жеткен. Катышуучулардын 48 пайызы жарым-жартылай калыбына келгенин белгилесе, 7 пайызында көйгөй сакталып калган же абалы начарлаган.

Изилдөөдө жыт сезүү жөндөмүнүн калыбына келиши адамдын жаш курагына да байланыштуу экени аныкталган. 40 жашка чейинки катышуучулардын 62 пайызы жыттарды айырмалоо жөндөмүн толук калыбына келтирсе, улуу курактагылар арасында бул көрсөткүч 34 пайызды түзгөн. Окумуштуулардын пикиринде, мунун мүмкүн болгон себептеринин бири – жаш өткөн сайын жыт сезүү системасындагы клеткалардын калыбына келүү жөндөмүнүн төмөндөшү.

Адистер жыт сезүү жөндөмүн калыбына келтирүү ыкмаларынын бири катары жыт сезүү машыгуусун белгилешет. Ал нерв жолдорун стимулдаштыруу үчүн ар кандай жыттарга үзгүлтүксүз таасир этүүнү камтыйт.

Изилдөөнүн авторлору COVID-19дан кийинки узакка созулган жыт сезүү жөндөмүнүн жоголушун дарылоонун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешкен. Бул көйгөй коронавирус инфекциясынын кесепеттеринин бири бойдон калууда.