Түркиядагы сел: Үч облуста кыйроолор болуп, адам өлүмү катталды

Дүйнө Загрузка... 10 Апрель 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-04-10 at 09.01.41.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.09.26 /Кабар/. Түркиянын Хатай, Османие жана Йозгат облустарында катуу жааган жамгыр селге айланып, бир катар аймактарда кыйроолорго алып келген. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.

Айрыкча Хатай облусунун Антакья районунда түн ичинде башталган жаан эртең менен күчөп, көчөлөр менен жолдорду суу каптаган. Жолдо калган унаалар куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды.

Османие облусунда да абал оорлошуп, көчөлөрдү суу каптап, транспорт кыймылы үзгүлтүккө учураган. Жер алдындагы маанилүү өтмөктөрдүн бири убактылуу жабылды. Суу турак үйлөргө, соода жайларына жана имараттардын жертөлөлөрүнө чейин кирген. Муниципалдык кызматтар кесепеттерди жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Мамлекеттик органдар кырдаалга карата ыкчам чара көрүүдө. Кадирли районунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 2 миллион лира бөлүндү. Алдын ала маалыматтар боюнча 200дөн ашуун үй, ондогон ишканалар жана унаалар зыян тарткан. Эки адам каза болгону кабарланды.

Йозгат облусунун Акдаамадени районунда дарыя нугунан чыгып, айыл жолу суу алдында калган. Ошондой эле турак үйлөр жана чарбалык курулуштар жабыркаган. Жергиликтүү тургундар мүлкүн жана мал-жандыктарын сактап калууга аракет кылышкан.

Учурда бийлик органдары табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин улантып, жарандарды сак болууга чакырууда.