Turkish Airlines аба ырайына байланыштуу 60тан ашык каттамды токтотту

Дүйнө Загрузка... 31 Декабрь 2025 09:55
22ba673d3075e7fe1d9990f79f6c7b6b.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Turkish Airlines 31-декабрда аба ырайынын начардыгынан улам 60тан ашык каттамды токтотту. Бул тууралуу Известия аталган компаниянын басма сөз кызматына таянып жазды.

Анда маалымдалгандай, Түркиянын чыгыш жана ички аймактарында күтүлүп жаткан аба ырайынын начарлашынан улам, 31-декабрга белгиленген 61 каттам токтотулат. Ошондой эле компаниянын сайтындагы маалыматтарга көз салып туруу зарылдыгы айтылды.

Эске салсак, буга чейин АКШда калың кар жаагандыктан, 5000ден ашык каттам кечигип, дагы 862 каттам токтогон.