Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Sky Ships компаниясы менен кызматташат

Туризм 17 Апрель 2025 18:00
490503471_18002811152754127_8355996820841492084_n.jpg
491447963_18002811143754127_1715396083600922292_n.jpg
491446548_18002811134754127_5770470071812632460_n.jpg
Алдыга
Артка
490503471_18002811152754127_8355996820841492084_n.jpg
491447963_18002811143754127_1715396083600922292_n.jpg
491446548_18002811134754127_5770470071812632460_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Sky Ships компаниясы менен кызматташат.

Фонддон билдиришкендей, кызматташуу меморандумуна фонддун президенти Кылычбек Рысалиев менен Sky Ships компаниясынын башкы директору Эрнис Темиркан кол коюшту.

Белгиленгендей, компаниянын карамагында өткөн жылдын декабрь айында Ысык-Көлдө сууга түшүрүлгөн эки заманбап жүргүнчү ташыган кеме бар.

Келечекте Sky Ships компаниясы Кыргыз Республикасында ири кемелерди өз алдынча чыгарууну пландаштырууда.