Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жүз миңдеген жаран үйлөрүн камсыздандырып, керектүү учурда материалдык колдоого ээ болууда. Соңку жылдары төлөнгөн каражаттардын көлөмү көбөйүп, бул жарандардын мамлекеттик системага болгон ишениминин жогорулап жатканын көрсөтүүдө.
Жыл башынан бери Кыргызстанда турак жайын камсыздандырган жарандарга ар кандай кырсыктар боюнча 8 млн сомдон ашуун каражат төлөнүп берилди. Ошону менен бирге эле бул көрсөткүч аймактарда да өсүп жатканы байкалат.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалынын директору Жайлообек Жакшылыков "Кабар" агенттигине билдиргендей, жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 4 жаранга 489 872 сом төлөнүп берилди. Ал эми 2025-жылы облуста 13 жаранга жалпы 1 млн 636 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилген.
"Облус аймагында турак жайын камсыздандырган жарандардын саны жылдан жылга өсүүдө. 2026-жылдын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4% жогору. Бул багытта уюм тарабынан облустун 3 районунда, 3 шаарында инспекторлор жана агенттер аркылуу жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк менен жолугушуулар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Андан сырткары, филиалдын кызматкерлери жер-жерлерге барып окууларды, бекитилген медиапландын негизинде иш-чараларды уюштурууда. Албетте, бул иштер жарандардын камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга жана мүлктү коргоо деңгээлин арттырууга багытталган", — деп белгиледи директор.

Андан сырткары уюмдун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу облуста турак жайын камсыздандыргандардын саны өсүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери 17 жарандын турак жайлары зыянга учурап, аларга жалпы 4 млн 577 миң сом төлөнүп берилген. Ал эми турак жайларын камсыздандыргандардын саны — 8 238.

“Ошондой эле 2025-жылы 115 жаранга 6 млн 518 миң сом төлөнүп берилип, 80 миң 394 турак жай камсыздандырылды. Жылдын жыйынтыгы менен биздин облустун камсыздандыруу көрсөткүчү 40%га чейин жетип, алдыга чыктык”,-деди ал.
Директор кошумчалагандай, учурда тургундарга турак жайды камсыздандыруу жолдорун түшүндүрүү, маалымат берүү жана үгүттөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми Нарын облусунда жыл башынан бери 2443 турак жай камсыздандырылган. Ошондой эле 1 турак жайга 308 974 сом камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилген. Уюмдун Нарын облусундагы филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов "Кабар" агенттигине билдиргендей, аймакта турак жайын камсыздандырган жарандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.
"Бул көрсөткүчтү мындан дагы көбөйтүү үчүн филиал тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери, социалдык тармактар жана ЖМКлар аркылуу жарнамалык роликтер, маалымат баракчалары таратылууда. Ал эми 2025-жылы Нарында 16 миң 278 турак жай камсыздандырылган. Анын ичинен 48 турак жайга 1 млн 158 миң сом акча каражаты төлөнүп берилген", — деди орун басар.

Белгилей кетсек, турак жайды камсыздандыруунун баасы: айыл жергесинде — 600 сом, ал эми шаарларда — 1200 сом. Бул сумма бир жылдык камсыздандыруу үчүн төлөнөт жана табигый кырсыктардан (сел, жер көчкү, өрт, шамал ж.б.) келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган.
Жаз мезгили келгендиктен, алдыда өлкөдө жана өзгөчө анын аймактарында жаан-чачын көбөйүп, сел, жер көчкү жана суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын коркунучу жогорулайт. Мындай учурда турак жайларды камсыздандыруу жарандар үчүн олуттуу коргоо механизми болуп берет.