Түштүк Суданда учак кулап, 14 адам каза болду

Дүйнө 28 апрель 2026 11:30
Түштүк Суданда учак кулап, 14 адам каза болду

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.04.26 /Кабар/. Түштүк Судандын борбору Жуба шаарына жакын жерде жүргүнчү учагы кулап, 14 адам каза болду. Бул тууралуу Известия кабарлайт.

Анда белгиленгендей, Cessna үлгүсүндөгү учак конууга жакындап калган учурда кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка аба ырайынын кескин начарлашы жана көрүүнүн төмөндөшү себеп болгон.

Азыркы учурда тиешелүү кызматтар окуянын себептерин тактоо үчүн иликтөө иштерин улантууда.