Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Сеул соту Түштүк Кореянын мурдагы премьер-министри Хан Док Суну 23 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.
Ал 2024-жылы өлкөгө мыйзамсыз аскердик абал киргизүүдө "негизги роль" ойногон, документтерди жасалмалаган жана сотто жалган көрсөтмө берген деп табылды. Айыптоочу тарап 15 жыл сураганына карабастан, сот катаал өкүм чыгарды.
Ал эми экс-президент Юн Сок Ёль буга чейин аскердик абал киргизүү аракети жана расмий документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлөнүп, 5 жылга кесилген. Бул ага каршы козголгон төрт кылмыш ишинин биринчиси гана. Февраль айында козголоңго жетекчилик кылуу боюнча кезектеги өкүм чыгышы күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2024-жылы декабрда президент Юн Сок Ёль күтүүсүздөн аскердик абал жарыялап, бирок парламент ага каршы чыккан. 2025-жылы апрелде Конституциялык сот президентке импичмент жарыялоо чечимин бекиткен.
2026-жылдын январынан тарта өлкөнүн мурдагы жетекчилерине карата соттун өкүмдөрү чыга баштады.