Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Түштүк Кореянын Янсан шаарында абанын температурасы 42,5 градуска жетип, 1904-жылдан берки метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч катталды. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Янсан шаарында беш күн катары менен абанын температурасы 40 градустан жогору болду. Ал эми Кёнджу шаарында быйыл биринчи жолу температура 40,3 градуска жетти.
Рекорддук ысыкка байланыштуу өлкө өкмөтү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү режиминин экинчи деңгээлин киргизип, калкты күндүн ысык маалында сыртка чыкпоого жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Синоптиктердин болжолунда, аптап ысык өлкөнүн батыш аймактарына да жайылып, Сеул шаарында абанын температурасы 38 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Адистер белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө аномалдуу ысык күндөрдүн саны эки эседен ашык көбөйгөн.