Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Түркиянын туризмден түшкөн кирешеси былтыр рекорддук 65,2 млрд долларга жетти, бул мурунку жылга салыштырмалуу 6,8%га көп. Бул тууралуу Dunya гезити Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойго шилтеме берип билдиргенин Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2026-жылы 68 млрд долларга жетет деп күтүлүүдө.
"Түркия туризми аймактык гана эмес, глобалдык деңгээлде да таасирдүү күчкө айланды. Түркиянын туризмден түшкөн кирешеси 2025-жылы 65,23 млрд долларга жетип, 2026-жылга карата 68 млрд долларга жетүү максаты коюлган", - деген министр.
Түркия 2017-жылы эң көп туристтерди кабыл алган өлкөлөрдүн арасында дүйнөдө 8- орунда турган. 2024-жылга чейин 4-орунга көтөрүлгөн. Тармактык киреше боюнча Түркия 2017-жылы 15-орунда турса, 2024-жылы 7-орунга чыккан.
Белгиленгендей, 2025-жылы Түркияга 52,77 млн чет элдик турист келген, бул 2024-жылдагы деңгээлге (52,62 млн) дээрлик барабар.