Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Өткөн жылы Түркиянын бал экспортунун көлөмү 33 млн 524 миң долларды түздү. Бул тууралуу Түркиянын Чыгыш Кара деңиз экспорттоочулар биримдигинин (DKİB) маалыматтарына таянып, Анадолу агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркиянын эң маанилүү өндүрүш жана экспорттук продукцияларынын бири болгон бал 51 өлкөдө кардарларды тапты.
2024-жылы жалпысынан 32,3 млн долларды түзгөн бал экспорту былтыр болжол менен 4%га өсүп, 33,5 млн долларды түздү.
АКШ, Германия жана Улуу Британия 2025-жылы бал көп экспорттолгон алдыңкы үч өлкө болгон.
Өткөн жылы Түркия АКШга 11,3 млн долларлык, Германияга 5,4 млн долларлык жана Улуу Британияга дээрлик 3 млн долларлык бал экспорттогон.
Мурунку жылдан айырмаланып, 2025-жылы экспорт Жибути, Польша, Норвегия, Дания, Конго, Сирия, Йемен, Ирландия, Исландия жана Молдовага да жөнөтүлгөн.