Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарындагы Lotus News маалымат агенттигинин өкүлү Ирфан Карстов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун эл аралык медиа форумунун маанисин жогору баалап, анын ЖМКлар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ролун белгиледи.
Анын айтымында, форум эл аралык медиа өкүлдөрү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат жана “Кытай – Борбор Азия: кызматташтык” демилгесинин алкагындагы өз ара байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.
“Биз Стамбул шаарынан келдик жана бул форум медиа тармагындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз. Иш-чара жаңы гана башталгандыктан, анын толук программасы менен азырынча таанышууга жетише элекпиз. Ошентсе да форумдун жыйынтыгында жакшы натыйжаларга жетишилет деген ишенимдебиз”, – деди ал.
Ошондой эле ал мындай жолугушуулар ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттери менен медиа уюмдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында алгачкы жолу ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.
Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл, анын ичинде алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун жана илимий мекемелердин адистери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү катышууда.
Форумдун темасы — “ШКУ жаңы доордо: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат. Пленардык жыйындарда жана тематикалык сессияларда катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнүн санариптик трансформациясы, гуманитардык өз ара аракеттенүү жана глобалдык маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулашат.