Түркияда Жаңы жыл майрамында теракт пландаган 115 шектүү кармалды

Дүйнө Загрузка... 26 Декабрь 2025 15:51
WhatsApp Image 2025-12-26 at 08.24.57.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25 /Кабар/. Түркияда укук коргоо органдары кеңири масштабдагы операциянын алкагында “Ислам мамлекети” террордук уюмуна тиешеси бар деп шектелген 115 адамды кармашты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Жаңы жыл майрамдарында, негизинен мусулман эместердин иш-чараларына багытталган теракттарды даярдап жатышкан. Операция өлкө боюнча 124 даректе өткөрүлүп, анын жүрүшүндө курал-жарактар жана ок-дарылар табылып, тартып алынды.

Башкы прокуратура билдиргендей, кармалгандардан тышкары, дагы бир нече адамга издөө жарыяланган. Тергөө иштери уланууда.

Түркия бийлиги коопсуздук кызматтары коркунучту алдын ала таап, ыкчам аракет кылганынын натыйжасында чоң трагедиянын алдын алууга мүмкүн болгонун белгилешти.