Түркияда токой өрттөрүн уюштурууга шектелген 6 адам камакка алынды

Дүйнө Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 08:55
IMG_1539.png
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Түркияда июнь айынын башынан бери өлкөнүн 16 провинциясында катталган 44 токой өртүнө тиешеси бар делген 6 адам камакка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн юстиция министри Акын Гюрлекке шилтеме берүү менен АЗЕРТАЖ маалымдады.

Министрдин айтымында, акыркы эки ай ичинде токой өрттөрүнө байланыштуу жалпысынан 29 шектүү аныкталган. Алардын алтоосу камакка алынса, дагы алты адам боюнча соттун чечими күтүлүүдө. Дагы тогуз адамга карата административдик көзөмөл чаралары колдонулган. Калган шектүүлөр боюнча тергөө иштери уланууда.

Акын Гюрлек Түркияда катталган ар бир токой өртү прокуратура органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө болорун белгилеп, өрттөргө тиешеси бар бардык адамдар мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди.