Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюуну катаалдаштыруу боюнча жаңы демилгелерди иштеп чыгууда. Бул тууралуу АЗЕРТАДЖ агенттиги жергиликтүү ЖМКларга таянып жазды.
Өлкөдө тыюу салуунун "француз моделин" киргизүү пландалууда. Бул модель балдар жана өспүрүмдөр жүргөн жерлерде — тактап айтканда, окуу жайларынын жанында, парктарда, аялдамаларда жана турак жайлардын кире бериштеринде тамеки чеккендерге өтө жогору айып пул салууну карайт.
Türkiye гезитинин маалыматына ылайык, төмөнкүдөй өзгөрүүлөр күтүлүүдө:
- "Коомдук жай" термининин ченемдик укуктук негиздери кайра каралат.
- Тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайлардын аралыгы боюнча жаңы талаптар киргизилет (бул пассивдүү тамеки чегүүнүн коркунучун азайтат).
Белгилей кетсек, Түркияда имарат ичинде тамеки же никотин камтыган каражаттарды колдонууга көптөн бери тыюу салынган. Жаңы мыйзамдык талаптар кирсе, пассивдүү тамеки чегүүдөн келип чыккан өлүмдөрдүн, анын ичинде жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын ооруларынын, онкологиянын, инсульттун жана диабеттин азайышы күтүлүүдө.
Эксперттердин айтымында, Түркияда тамеки колдонуу менен байланышкан оорулардан күнүнө орточо эсеп менен 300 адам көз жумган учурлар катталууда.