Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Түркиядагы 2 мектепте болгон ок атуулардан соң 162 адам кармалды. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кармалгандар интернет аркылуу бул окуялар боюнча жалган маалымат таратууга жана чабуулдарды ачык колдоого шектелүүдө. Мындай мыйзам бузууларга байланыштуу социалдык тармактардагы 1,1 миңден ашуун аккаунт бөгөттөлдү.
Өлкөнүн юстиция министри Акын Гюрлектин айтымында, коомчулук арасында коркунуч, тынчсыздануу жана дүрбөлөң жараткан контентти жайылткан көптөгөн аккаунттар аныкталды.
“Алар жаңылыш маалымат таратып, кылмыштарды жана кылмышкерлерди даңазалашкан”, — деди министр.
Эске салсак, 15-апрелде Кахраманмараш шаарындагы орто мектепте болгон ок атууда тогуз адам каза тапкан, ок чыгарган өспүрүм өзү да набыт болгон. Ал эми 14-апрелде Шанлыурфа провинциясында мурдагы окуучу мектепке кирип барып, 16 адамды жарадар кылган. Кийин ал өз жанын кыйган.