Түркияда бүгүн сейрек байкалуучу астрономиялык кубулуш катталды

Дүйнө 6 апрель 2026 18:40
Түркияда бүгүн сейрек байкалуучу астрономиялык кубулуш катталды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Түркиянын түштүк-батышындагы Мугла провинциясында сейрек кездешүүчү "кандуу ай" астрономиялык кубулушу катталгандыгын Habertürk телеканалы кабарлады.

"Ай кызыл түскө боёлуп, асманда таң калыштуу көрүнүштү жаратты", — деп белгилейт телеканал.

Habertürk телеканалынын маалыматына ылайык, адаттан тыш кубулушка провинциянын бир катар райондорунун жашоочулары күбө болушуп, ал жердеги ачык аба ырайы сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушун так көрүүгө мүмкүндүк берди.

Мындай көрүнүш ай тутулган учурда, Жердин спутниги атмосферадагы күн нурунун сынышынан улам кызгылт түскө ээ болгондо пайда болору белгиленет.