Бишкек, 03.03.26 /Кабар/. Түркияда жайгашкан америкалык аскердик базага кол салуу болду деген маалыматтар жалган. Бул тууралуу Түркиянын Коммуникациялар башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Түркиянын аймагында эч бир чет өлкөгө таандык аскердик базалар жок. Түркиянын аба, кургактык жана деңиз мейкиндиги, ошондой эле аскердик жайлары толугу менен анын эгемендүүлүгүнө жана көзөмөлүнө алынган.
"Биздин өлкөгө эч кандай кол салуу болгон жок. Түркияны аймактык чыр-чатактардын тарабы катары көрсөтүүгө багытталган маалыматтар ачыктан-ачык дезинформациялоо аракети болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Түркиянын коргонуу жана коопсуздук системасы өз миссияларын толук аткарууну улантып жатканы жана бардык процесстер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ыкчам көзөмөлдөнүп турганы белгиленет.
Башкармалык коомчулукту негизсиз дооматтарга ишенбөөгө жана компетенттүү органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана таянууга чакырды.