Түркияда 1-апрелден тарта 5G мобилдик байланышы ишке кирет

Дүйнө Загрузка... 27 Февраль 2026 10:40
d5e35e20-730c-478a-92c4-b44db62e45ce.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Түркияда 1-апрелден тарта мобилдик байланыштын бешинчи мууну – 5G тармагы коммерциялык негизде ишке кирет. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы технология маалымат өткөрүү ылдамдыгын секундасына 20 Гбитке чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, 23-февралда Түркиядагы алгачкы мобилдик чалууларга 31 жыл толду. 1994-жылы биринчилерден болуп ошол кездеги президент Сулейман Демирел премьер-министр Тансу Чиллер менен сүйлөшкөн.

Алгач байланышты 1G тармагынан баштаган өлкө эми 5G стандартына өттү. 2025-жылдын октябрында өткөн аукциондо өлкөдөгү үч ири мобилдик оператор 5G тармагын колдонууга уруксат алышкан. Ошол эле маалда инфраструктурасы да кеңейтилген.

Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө 99 миллиондон ашуун мобилдик абонент бар. Алардын 91 миллиону 4, 5G тармагын колдонуп келет.

Адистердин айтымында, 5Gнин ишке кириши онлайн-оюндардарга, телемедицинага, анын ичинде аралыктан операция жасоого, ошондой эле мамлекеттик кызматтар менен экономиканын санариптик өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.