Түркия Чүй облусунун аймагына өнөр жай зонасын курууну пландоодо

Экономика 1240 17 Февраль 2025 13:11
5872899604826147069 (1).jpg
5872899604826147073 (1).jpg
5870721699924788856 (1).jpg
5872899604826147071 (1).jpg
5872899604826147070 (1).jpg
5872899604826147072 (1).jpg
Алдыга
Артка
5872899604826147069 (1).jpg
5872899604826147073 (1).jpg
5870721699924788856 (1).jpg
5872899604826147071 (1).jpg
5872899604826147070 (1).jpg
5872899604826147072 (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Түркия Чүй облусунун аймагында өнөр жай зонасын курууну пландоодо. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов жетектеген Кыргызстандын өнөр жай боюнча жумушчу тобу Түркиянын өнөр жай жана технология министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Түркия тараптан жолугушууга өнөр жай жана технология министринин орун басары Мухаммет Касым Генуллю башчылык кылды. Жолугушууда өнөр жай тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Искендер Асылкулов Чүй облусунда өнөр жай зонасын ачуу маселесин көтөрдү. Бул боюнча тараптар ушул жылдын апрель айында Түркия тараптын расмий иш сапары менен келип, өнөр жай зонасын куруу үчүн сунушталган жер тилкеси менен тааныша турганы боюнча макулдашты.

Ошондой эле Анкара шаарындагы Соода палатасынын имаратында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Анкаранын зергерчилик жана саат өндүрүшү ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында өнөр жай башкармалыгынын башчысы Арслан Базиев түрк зергерчилик компаниялары үчүн презентация жасап, зергер буюмдарын өндүрүү тармагына түрк технологияларын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.