УТРКда ШКУ өлкөлөрүндөгү көп тилдүү теледолбоор ишке кирди — Кабар

УТРКда ШКУ өлкөлөрүндөгү көп тилдүү теледолбоор ишке кирди

Коом 30 август 2026 12:25
WhatsApp Image 2026-08-30 at 09.20.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-30 at 09.21.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-30 at 09.21.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-30 at 09.20.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-30 at 09.21.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-30 at 09.21.27.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.08.26 /Кабар/. Улуттук телерадиоберүү корпорациясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн “Улуу максаттарды көздөгөн шайкеш көз караштар – өнүгүүнүн жаңы жолу” гуманитардык алакалар форумунун алкагында ШКУ өлкөлөрүндөгү “Си Цзиньпиндин учкул сөздөрү” көп тилдүү теледолбоорун ШКУ өлкөлөрүндө көрсөтүүнү баштоо аземи өттү.

Долбоорду Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытайдын Медиа корпорациясы (CMG) биргеликте уюштуруп, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы гуманитардык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чаранын алкагында ШКУнун 25 жылдыгына карата даректүү тасмалар көрсөтүлүп, алдыда дагы бир катар долбоорду ишке ашыруу зарылдыгы айтылды.

Мындан тышкары, кытай-кыргыз маданий-гуманитардык кызматташтыгынын бир катар жыйынтыктары, “ШКУнун таасири” аттуу коомдук пикирди изилдөөнүн натыйжасы сунушталды.

Эске салсак, УТРКда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн “Улуу максаттарды көздөгөн шайкеш көз караштар – өнүгүүнүн жаңы жолу” гуманитардык алакалар форуму өтүп, учурда экинчи бөлүгү болгон пленардык жыйыны уланууда.