Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ИДПсы $2,4 трлн ашты

Түрк мамлекеттер уюму 9643 02 Апрель 2026 15:35
69ce2c52b0b59.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
69ce2c5357d43.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
69ce2c52b0b59.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
69ce2c5357d43.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жалпы ички дүң продукциясы (ИДП) 2,4 трлн АКШ долларынан ашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин экинчи жыйынында билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Түрк мамлекеттер уюму маданий өз ара кызматташтыктын алкагынан чыгып, Евразия мейкиндигинде жаңы күч борборуна айланып баратат.

69ce2c5357d43.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
“Мүчө өлкөлөрдүн жалпы ички дүң продукциясы 2,4 трлн АКШ долларынан ашат, ал эми калкынын саны 160 миллионду түзөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча түрк аймагы экономикалык өсүштүн орточо 6 пайыздык деңгээлин көрсөттү, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору”, - деди минкаб башчысы.